Түркияда мыйзамсыз мигранттардын депортацияланышы
Түркияда 7 айда 13 000 афган, 37 000 мыйзамсыз мигрант депортацияланды.
Түркияда 7 айда 13 000 афган, 37 000 мыйзамсыз мигрант депортацияланды. Мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу жана документтери жок мигранттарды депортациялоо аракеттери жүрүп жатат.
Стамбул облустук миграция башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында күн сайын афган улутундагы жүздөгөн мыйзамсыз мигранттар депортацияланууда.
Мыйзамсыз мигранттар коопсуздук топтору тарабынан кайра кайтаруу борборуна алып келинүүдө. Бул жерде процедуралары бүткөн мигранттар депортациялоо үчүн Стамбул аэропортуна алып барылууда.
Стамбул облустук миграция башкаруу директорлугунан берилген маалыматта бул жылы коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган жана облустук миграция башкаруу директорлугу тарабынан депортацияланган же депортациялоо үчүн 22 облустагы кайра кайтаруу боборуна алып барылган мыйзамсыз миргант саны 37 миң 72 болгондугу белгиленди.
Депортацияланган чет элдиктердин 12 миң 893ү Афганистандан, 5 миң 840ы Пакистандан жана 18 миң 339у башка улуттардан экени маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.