Президент Эрдоган сел болгон аймактарга барды

Президент Р. Т. Эрдоган Кастамону, Бартын жана Синопто селден таасирленген жерлердин «Апаат аймагы» деп жарыялангандыгын билдирди.

1690778
Президент Эрдоган сел болгон аймактарга барды

 Президент Р. Т. Эрдоган Кастамону, Бартын жана Синопто селден таасирленген жерлердин «Апаат аймагы» деп жарыялангандыгын билдирди.

Президент Эрдоган 11 -  августта Батыш Кара деңиз аймагында катуу жамгыр жаашы менен сел жана жер күчкү болгон Кастамонунун Бозкурт районуна барды.

Аймактагы селден жабыркагандарга кайрылган Эрдоган, бардык маселелердин эң кыска мөөнөттө чечиле турганын айтты.

Президент : «Аллахтын уруксаты менен бул апааттарды да жеңебиз. Эмне керек болсо мамлекет катары колубуздан келгенди ылдамдык менен аткарып, күлдөрүбүздөн кайрадан жаралабыз.  Бул мамлекет эч качан кулаган эмес, кулатпайбыз жана ылдамдык менен эң кыска убакытта бардык маселелерди чечүүгө  аракет кылабыз»,- деди.

Президент Эрдоган жума намазынан кийин сүйлөгөн сөзүндө да аймакта 4 760 кызматкер, 19 тик учак, 1 учкучсуз аба аппараты, 66 тез жардам, 41 Улуттук медициналык куткаруу тобу, 630 кызматтык унаа, 437 экскаватор менен көптөгөн каражаттардын иштеп жаткандыгын айтты.

Жолдор менен көпүрөлөрдүн зыян тартышы менен транспорт азайган жерлер үчүн альтернатив жолдордо топтордун иштеп жаткандыгын белгилеген Эрдоган : «Кредиттик колдоодон баштап салыкты кийинкиге калтырууга чейинки бардык шашылыш чараларды көрдүк»,- деди.

Эрдоган Катамону, Бартын жана Синопто селден таасирленген жерлердин «Апаат аймагы» деп жарыялангандыгын билдирди.

Президент Эрдоган : «Каза болгон адамдарды кайтарып ала албайбыз бирок мамлекетибиз анын тышындагы бардык жоготууларды толуктай ала турган күчкө, мүмкүнчүлүккө ээ. Кулагандардын ордуна дагы жакшысын куруп, өрттөнгөндөрдүн ордуна дагы ашыкчасын отургузуп, кемигендерди толтуруу менен жолубузду улантуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар