Эрдоган менен Судан Эгемендик Кеңешинин төрагасы пресс - жыйын өткөрдү

Пресс  - жыйындан мурда эки өлкөнүн ортосунда 6 башка тармакта келишимге кол коюлду.

1690489
Эрдоган менен Судан Эгемендик Кеңешинин төрагасы пресс  - жыйын өткөрдү

 Президент Р. Т. Эрдоган : «Боордош Судан калкынын жана мамлекетинин жанында болуп, кыйын процессти жеңилдетүү жана тилектештик ичинде улантууда чечкиндүүбүз»,- деди.

Эрдоган президенттик комплексте расмий сапар менен борбор шаар Анкарага келген Судандын Эгемендик Кеңешинин төрагасы, армиянын генералы Абдулфеттах ел  -  Бурхан менен бирлегешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Тарахый сапардын Судан  -  Түркия боордоштугунда жаңы бир мезгилдин жарчысы экендигине ишенгенин айткан Эрдоган Суданда 2019 -  жылдан бери кенен масштабдуу жана маанилүү бир алмашуу процесси болгондугун белгиледи.

Бурхандын бул орчундуу мезгилде кыйын жоопкерчиликти алгандыгын айткан Эрдоган буларды белгиледи : «Боордош Судан калкынын жана мамлекетинин жанында болуп, кыйын процессти жеңилдетүү жана тилектештик ичинде улантууда чечкиндүүбүз. Судан калкы кездешкен кыйынчылыктарды жеңе ала турган күчкө ээ».

Судан Эгемендик Кеңешинин төрагасы, генерал  Абдулфеттах ел  -  Бурхан болсо Түркиянын ар дайым өлкөсүнүн жанында экендигин айтты.

Бурхан эки өлкөнүн ортосундагы тектүү жана тарыхый карым  - катнаштардын бар экендигин белгилеп : «Суданда болуп жаткан алмашуу процессинде да Түркия жаныбызда болду. Буюрса Түркия жана Түркиянын лидери сыяктуу жакын досторубуздун колдоосу менен бул процесстен да өтөрүбүзгө ишенебиз» ,- деди.

Пресс  - жыйындан мурда эки өлкөнүн ортосунда 6 башка тармакта келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар