Түркиядагы токой өрттөрү
Пакдемирли, Мугланын Милас жана Көйжегиз райондорундагы өрттөрдөн тышкары Түркиядагы токой өрттөрүнүн көзөмөлгө алынгандыгын билдирди.
1688043
Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, Мугланын Милас жана Көйжегиз райондорундагы өрттөрдөн тышкары Түркиядагы токой өрттөрүнүн көзөмөлгө алынгандыгын билдирди.
Министр Пакдемирли Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Милас жана Көйжегиз өрттөрүнөн тышкары өлкөбүздөгү бардык токой өрттөрү көзөмөлгө алынды. "Токой баатырлары" Милас менен Көйжегизде да кургактыктан жана абадан кылдаттык менен иштерин улантышууда», деп айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.