Украинадан Байрактар ТБ2ге мактоо

«Заманбап согуш шарттарында согуштук жөндөмдүүлүгү мыкты»

1686060
Украинадан Байрактар ТБ2ге мактоо

Байрактар ТБ2ни сыноо жыйынтыктарын билдирген Украинанын мамлекеттик изилдөө институту : «Заманбап согуш шарттарында согуштук жөндөмдүүлүгү мыкты»,- деп маалымдады.

Украина аскердик күчтөрү менен бирге жүргүзүлгөн сынактарда түрк учкучсуз аба аппараттары түрдүү заманбап электрондук согуштук тоскоолдуктарга дуушар болду. Сынактар үчүн «Мыкты ийгиликтерге жетишилди»,- деп билдирилди.

Байрактар ТБ2нин глобалдык өлчөмдөгү электрондук согуштарда жогорку деңгээлге ээ экендиги баса белгиленди. Түрк учкучсуз аба аппараттарынын бардык абалдарга шайкеш келгендиги билдирилди. Украина өткөн күндөрдө Түркиядан сатып алган учкучсуз аба аппараттарын НАТОнун Кара деңизде баштаган «Деңиз шамалы 2021» машыгуусунда колдонгон.

Байрактар ТБ2лердин Рокетсан чыгарган акыркы технологияга «мини акылдуу ок-дарылардын» жайгаштырылышы көңүлдөрдү бурган.



Тектеш кабарлар