Эрдоган жана Жогорку Аскердик Кеңештин мүчөлөрү Аныткабирди зыярат кылды

Президент Эрдогандын жетекчилигиндеги Жогорку Аскердик Кеңештин жыйыны Түркия убактысы боюнча саат 12: 20 президенттик комплексте башталды.

1685614
Эрдоган жана Жогорку Аскердик Кеңештин мүчөлөрү Аныткабирди зыярат кылды
erdogan yas toplantisi.jpg
erdogan yas uyeleri anitkabir'de.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкө ичи жана өлкө тышында жүргүзгөн операциялары менен элде ишеним жараткандыгын белгиледи.

Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигиндеги Жогорку Аскердик Кеңештин мүчөлөрү Аныткабирди зыярат кылды.

Эрдоган жана Жогорку Аскердик Кеңештин мүчөлөрү президенттик комплекстеги жыйындан мурда Аныткабирге барды.

Эрдогандын жетекчилигиндеги делегация мавзолейге чыккан тепкичтин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин Мисак –ы Милли мунарасына өттү. Бул жерде Аныткабирдин атайын дептерине кол жазмасын калтырган Эрдоган дептерге : «Урматтуу Ататүрк, Жогорку Аскердик Кеңештин мүчөлөрү катары 2021 -  жылдагы жыйынга байланыштуу биз дагы бир жолу сиздин алдыңыздабыз. Түркия республикасын  азыркы өнүккөн цивилизациялардын деңгээлине чыгаруу үчүн  күрөшүүнү улантуудабыз. Бүткүл дүйнөнү таасири астына алган Ковид  - 19  эпидемиясына карабастан Түркия катары экономикадан коргонууга, өндүрүштөн саламаттыкты сактоого чейин көптөгөн тармакта ийгиликтерге жетиштик. Бул процессте түрк куралдуу күчтөрү өлкө ичинде жана өлкө тышында аткарылган ийгиликтүү операциялары менен элибизде ишеним жаратууда».

Бир тараптан президент Эрдогандын жетекчилигиндеги Жогорку Аскердик Кеңештин жыйыны Түркия убактысы боюнча саат 12: 20 президенттик комплексте башталды.



Тектеш кабарлар