Түркия Грецияны айыптады

Түркия Грециянын Батыш Фракия түрк азчылыгына таандык 12 башталгыч мектепти жабуу чечимин чыгаруусун айыптады.

1684307
Түркия Грецияны айыптады

Түркия Грециянын үнөмдөө чаралары жана окуучу саны жетерсиз деген шылтоо менен Батыш Фракия түрк азчылыгына таандык 12 башталгыч мектепти жабуу чечимин чыгаруусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Бул акыркы чечим менен бирге азчылыктардын башталгыч мектептеринин жарымынан көбү жабылып, саны 103кө түшүрүлдү. Ушундайча Батыш Фракия түрк азчылыгына таандык башталгыч мектептердин убактылуу токтотуу деген жол менен жабуусуна карата Грециянын жүргүзгөн саясатынын системалуу бир абалга келгендиги тастыкталды»,- деп билдирилди.

Грецияда мектептер тууралуу акыркы мыйзамдуу түзөтүүнүн азчылыктардын мектептеринин беренелердин тышында калтырылып, бөлүүчүлүк кылынгандыгы баса белгиленген маалыматта : «Лозанна Тынчтык Келиши (1923 -  жыл 24 -  июль) өкүмдөрүн бузган бул чечимдер Батыш Фракиядагы тектештерибизге карата  ондогон жылдан бери жүргүзүп келе жаткан ассимиляция жана кысым саясаттарынын билим берүү тармагындагы чагылышынын башка бир көрсөткүчү. Греция бир тараптан окуучу аз деген шылтак менен башталгыч мектептерди жапса, бир тараптан да муктаждык болгондугуна карабастан, азчылыктардын башталгыч мектептер менен лицейлерди ачуу талаптарын көрбөстүккө салууда жана азчылыктардын балдарынын билим алуу укугун түрдүү шылтоолор менен бузууда»,- деп билдирилди.

Грецияны азчылыктардын мектептерине карата жасаган бөлүүчү саясатын акырына чыгарууга чакырылган маалыматта : «Эл аралык коомчулук, Европа Биримдиги жана Европа Кеңеши мүчө бир өлкөдө адам укуктарынын системалуу түрдө бузулушун карап турбашы керек. Түркия эки тараптуу карым  - катнаштарда, эл аралык платформаларда, азчылыктардын мыйзам жана укуктары үчүн күрөшүн колдоого чакырат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар