Улуттук коргоо министрлиги террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү билдирди
Күрөш акыркы террорист жок кылынганга чейин улантылат.
1679410
Түрк куралдуу күчтөрү терроризмге жана террористтерге каршы күрөштү чечкиндүүлүк менен улантууда.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде бөлүшүлгөн билдирүүсүндө : "Баатыр түрк куралдуу күчтөрү терроризмге жана террористтерге каршы күрөштү чечкиндүүлүк менен улантууда. Кандай гана жагдай болбосун, террордук уюмдар жана алардын колдоочулары өлкөбүзгө жана улутубузга жасаган кол салууларында ийгиликке жетпейт. Терроризм жана террористтерге каршы күрөшүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин улантылат",- деп билдирилди.