Президент Эрдоган Израилдин мамлекет башчысы Йитсак Хертзог менен телефон аркылуу сүйлөштү

Эрдоган эки өлкөнүн ортосунда  түрдүү тармактарда, айрыкча энергетика, туризм жана технология жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин билдирди.

1674275
Президент Эрдоган Израилдин мамлекет башчысы Йитсак Хертзог менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин президенти Йитсак Хертзог менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосунда  түрдүү тармактарда, айрыкча энергетика, туризм жана технология жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин билдирди.

Эрдоган Палестина-Израиль келишпестигининин Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдеринин алкагында туруктуу, ар тараптуу чечилиши эл аралык жамааттын  күтүүсү экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган Палестина-Израиль келишпестигин жөнгө салууда таштала турган оң кадамдардын, Түркия-Израил карым  - катнаштарынын да оң багытта кетишине өбөлгө түзөрүн  айтты.

 



Тектеш кабарлар