Дендиас: «Эрдоган аймакта маанилүү лидер»

Никос Дендиас катышкан телекөрсөтүүсүндө Анкара-Афина мамилелерине баа берди.

1673368
Дендиас: «Эрдоган аймакта маанилүү лидер»

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас президент Режеп Таййип Эрдогандын аймактагы маанилүү лидер экендигин айтты.

Никос Дендиас катышкан телекөрсөтүүсүндө Анкара-Афина мамилелерине баа берди.

Программада Дендиас Түркиянын өзгөрүшүндөгү президент Эрдогандын ролуна көңүл бурду.

Дендиас:«Түркиянын саясатка болгон көз карашына карабастан, президент Эрдоган аймактагы маанилүү лидер. Аны менен сүйлөшүп жатканда Эрдоган жашоосун кайдан баштаганын, өз өлкөсүнүн физиономиясын кандайча өзгөрткөнүн жана аны кантип күчтүү кылганын ойлонушубуз керек»,-деп айтты.

Президент Эрдоган менен премьер-министр Кириакос Мицотакис эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлөрдү чече аларын билдирген Дендиас: «Мен эки мамлекеттин башчыларынын эки тараптуу жана көзмө-көз жолугушуусун ар дайым колдоп келгем. Андыктан көйгөйлөрдү чечүүгө үмүт болсо, Мицотакистин Эрдоган менен жолугушуусу аркылуу болот деп ишенем»,-деди.

Никос Дендиас Президент Эрдоганды өзүнүн стратегиясы жана жеке баалуулуктары менен иш алып барган лидер катары көрөрүн айтты.



Тектеш кабарлар