Министр Чавушоглу гаитилик кесиптеши менен сүйлөштү
Чавушоглу Гаитинин тышкы иштер министри Жозефке көңүл айтты.
1673225
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Гаитинин убактылуу премьер-министри жана тышкы иштер министри Клод Жозеф менен сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Чавушоглу Гаитинин убактылуу премьер-министри жана тышкы иштер министри Жозеф менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Чавушоглу, куралдуу кол салууга дуушар болгон Гаитинин президенти Жовенель Моиздин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты жана Түркия жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.