Түркия-Габон билим берүү кызматташтыгы

Габондун билим берүү министри Патрик Мугуама-Дауда Түркиянын улуттук билим берүү министри Зия Селчук менен жолугушту.

1671796
Түркия-Габон билим берүү кызматташтыгы

Улуттук билим берүү министри Зия Селчук менен Габон Республикасынын Билим берүү министри Патрик Мугуама-Дауда билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол коюшту.

Улуттук Билим берүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты сүйлөшүү үчүн Түркияга келген Габон Республикасынын Билим берүү министри Патрик Мугуама-Дауда улуттук билим берүү министри Зия Селчук менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин эки министр «Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Габон Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү тармагында кызматташуу келишимине» кол коюшту.

Зия Селчук кесиптешине Габон билим берүү тутумундагы кесиптик жана техникалык билимдин экономикага салым кошушуна жана жумушсуздукка каршы күрөшүүгө карата кесиптик билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин белгиледи.



Тектеш кабарлар