Түркия Ливияда Түрк желегинин бутага алынышын катуу айыптады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Элчи Танжу Билгич темага байланыштуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

1671302
Түркия Ливияда Түрк желегинин бутага алынышын катуу айыптады

Түркия Ливиянын Тобрук шаарындагы Өкүлдөр палатасынын убактылуу имаратынын алдында түрк желегин бутага алган ачуулуу аракеттерди кескин айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич темага байланыштуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

«Биз 2021-жылы 5-июлда Ливиянын Тобрук шаарында өткөн бюджеттик сүйлөшүүлөр учурунда Өкүлдөр палатасынын убактылуу имаратынын алдында биздин желегибизге каршы жасалган аша чапкан аракеттерди кескин айыптайбыз»,деген сөз айкашын колдонду.

Билгич, ыпылас иш-аракеттер жөнүндө уккандан кийин Түркиянын Триполидеги элчилиги Ливиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында зарыл болгон жазуу жана оозеки демилгелерди көтөргөнүн эске салды.

Мындай чагымчылдыкка жол берилбестигин жана ушул сыяктуу окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн керектүү чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилеген Билгич: «Жогоруда айтылган иш-аракет түрк-ливиялык боордоштукту бутага алганы айдан ачык. Биз көз карандысыздыгыбызды жана ыйык баалуулуктарыбызды чагылдырган желегибизге жасалган бул чабуул эч качан максатына жетпесин, дос жана боордош Ливия эли башкалардан мурун керектүү жоопту берээрин билдиребиз»,-деди.

Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбенин Тобрук шаарына жасаган иш сапарында өлкөдөгү баскынчы халифа Хафтардын тарапкерлери колонна өтө турган жолго түрк желектерин жайып, чагымчылдыкка аракет кылышкан.



Тектеш кабарлар