Мардинде шейит

Чек ара тилкесинде күзөттө турган аскердик унаага Сириядан ок атылды.

1671532
Мардинде шейит

Мардиндин Кызылтепе районунда Сириядан атылган октун натыйжасында бир аскер шейит болуп, 3 аскер жаракат алды.

Мардин Губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, Шенйурт чек ара тилкесинде күзөттө турган аскердик унаага Сириядан ок атылды.

Кол салууда денесине ок тийген айдоочу жөө аскерлердин кичи офицери Жихан Чифжибашы менен рулдун башкарыла албай калышынан улам оодарылып кеткен унаадагы 3 аскер жаракат алышты.

Кызылтепе мамлекеттик ооруканасына жеткирилген 4 аскердин бири Чифжибашы бардык аракеттерге карабастан шейит болду.

Жаракат алган 3 аскердин абалынын жакшы экени билдирилди. 



Тектеш кабарлар