Эрдоган: «Жылдын аягында, тарыхыбызда биринчи жолу 200 миллиард доллардан ашык экспортко жетишебиз»

Эрдоган Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1670336
Эрдоган: «Жылдын аягында, тарыхыбызда биринчи жолу 200 миллиард доллардан ашык экспортко жетишебиз»
Cumhurbaşkanı Erdoğan Kabinesi Toplantısı Açıklama.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Cumhurbaşkanlığı Kabinesi Toplantısı.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Жылдын аягында, тарыхыбызда биринчи жолу 200 миллиард доллардан ашык экспортко жетишебиз»,-деди.

Эрдоган Президенттик кабинеттин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Жылдын экинчи чейрегинде күтүлүп жаткан өсүш көрсөткүчтөрү жөнүндө, «Алдын ала индикаторлор, баштапкы эффект процесске кириши менен жылдык өсүштү болжол менен 20 пайыз деп көрсөтүүдө»,-деп айткан Эрдоган экспорттун көрсөткүчтөрү жөнүндө айтты.

«Алгачкы 6 айда экспорттун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 40 пайызга жогорулады. Жыл соңунда, тарыхыбызда биринчи жолу 200 миллиард доллардан ашык экспортко жетишебиз»,-деп айтты.

Эрдоган жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүү темасында да, «Мен баардык жарандарыбызды, 18 жаштан жогорку курактагы адамдардын бардыгын эмдөө боюнча күндөрүн тезирээк дайындоо менен өздөрүн жана жакындарын ушул балээден сактоого чакырам»,деген сөз айкаштарын колдонгон.


Этикеткалар: #экспортко , #Эрдоган

Тектеш кабарлар