Ооганстанда дагы 7 район Талибандын көзөмөлүнө өттү

«Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө акыркы 24 саатта 10 район басып алынды деп айтылды.

1669530
Ооганстанда дагы 7 район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Акыркы 24 саатта Ооганстанда Бадахшан, Кандагар жана Пактия провинцияларындагы 7 район Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Бадахшан провинциясынын Кеңешинин төрага орун басары Ахмет Кавид Мучеддидинин айтымында, согушкерлер Бадахшандын Коф Аб, Рагистан, Курум, Шахр-и Бузург жана Яфтал райондоруна куралдуу кол салган жана коопсуздук күчтөрү чыгып кеткенден кийин бул конуштар Талибандын көзөмөлүнө өткөн.

Кагылышууларда эки тараптан тең жоготуулар болгондугун белгилеген Мүжеддиди Бадахшандын 28 районунун 12си Талибандын көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар провинциясынын Пенжвай району дагы Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Кандагар полициясынын кызматкерлери Пенжвай районуна кол салган талип согушкерлери ал жакта көзөмөлгө ээ болгонун жарыялады.

Пактия провинциясынын Кеңешинин төрагасы Абдул Малик Зазаи болсо согушкерлер Пактиянын Зурмет районун басып алышканын билдирди.

«Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө акыркы 24 саатта 10 район басып алынды деп айтылды.



Тектеш кабарлар