"Түркия өзүнүн аскер кемесин кура алган 10 өлкөнүн бири"

Түркия Деңизчилик саммитинин алкагында Көгүлтүр Мекен стратегиясы отуруму өткөрүлдү.

1668989
"Түркия өзүнүн аскер кемесин кура алган 10 өлкөнүн бири"

Өнөр жай жана технология министринин орун басары Мехмет Фатих Кажыр: «Түркия өз аскер кемелерин долбоорлоп, куруп жана тейлей алган 10 мамлекеттин катарында», деди.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинин жетекчилиги астында уюштурулган Түркия Деңизчилик саммитинин алкагында Көгүлтүр Мекен стратегиясы отуруму өткөрүлдү.

Сессияда сөз сүйлөгөн Фатих Кажыр, учурда Түркиянын өз аскер кемесин долбоорлоп, куруп жана тейлей алган 10 өлкөнүн катарына киргендигин, бул Түркиянын жана өнөр жайдын ийгилиги экендигин айтты.

Кажыр: «Үч тарабы деңиздер менен курчалган өлкө катары биз тарых бою цивилизациябызды жана бар болушубузду камсыз кылып, күчтүү деңиз флотуна ээ болдук», деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар