Чавушоглу президент Эрсин Татар тарабынан кабыл алынды

Кабыл алуудан кийин Чавушоглу Лефкошада биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1668256
Чавушоглу президент Эрсин Татар тарабынан кабыл алынды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Кипр түрк элин азчылык деп эсептеген бул менталитетке биз дагы эми көңүл бурбай элебиз», деди.

Чавушоглу, иш сапарынын алкагында барган Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) президент Эрсин Татар тарабынан кабыл алынгандан кийин Лефкошада биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Чавушоглу: «Урматтуу президенттибиздин (Режеп Тайип Эрдоган) аймактык конференция сунушу дагы деле үстөлдө. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын кирешелерди тең бөлүшүү боюнча сунуштары да үстөлдө», деп айтты.

Чавушоглу, Кипрге Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атайын өкүлүнүн дайындалышына байланыштуу: «Атайын өкүлдүн аткара турган милдети жок, андыктан биз атайын өкүлдүн дайындалышы пикирин туура деп тапкан жокпуз», деди.

Мевлүт Чавушоглу: «Европа Биримдиги (ЕБ) менен БУУ (Кипрде) тең укуктуу (ресурстук) бөлүшүү боюнча керектүү кадамды жасашы керек. Болбосо биз керектүү кадамды жасадык жана жасайбыз» деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар