Президент Эрдоган «Канал Стамбул» долбоорун бөлүштү

Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинде жарыялаган билдирүүсүндө, өлкө жана улут үчүн чоң иштерди аткаруусун уланта тургандарын айтты.

1665421
Президент Эрдоган «Канал Стамбул» долбоорун бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын өнүгүү тарыхында жаңы барак ачкандыктарын жана «Канал Стамбул» долбоорунун Сазлыдере көпүрөсүнүн пайдубалын түптөгөндөрүн белгиледи.

Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинде жарыялаган билдирүүсүндө, өлкө жана улут үчүн чоң иштерди аткаруусун уланта тургандарын айтты.

«Канал Стамбул» долбоорунун 2011-жылдын 27-апрелинде коомчулук менен бөлүшүлгөнүнө көңүл бурган Эрдоган: «11 ар башка университеттен 51 окумуштуу жана жалпысынан 204 эксперт иштеди. Моделдөө иштерине 35 ар башка өлкөлөрдөн 3500 адам катышты. Дагы 304 ар кайсы жерде 17 миң метрден ашуун бургулоо жүргүзүлүп, 248 геофизикалык изилдөө жүргүзүлдү. Илимий изилдөөлөргө ылайык, 5 башка альтернативалардын ичинен эң акылга сыярлык жана эффективдүү сызык аныкталды»,-деди.

Эрдоган, Стамбул каналынын узундугу 45 чакырым, туурасы 275 метр жана тереңдиги 20,75 метр болооорун жана үстүнөн 6 көпүрө курула тургандыгын билдирди.

Канал Стамбулдагы Сазлыдере көпүрөсүнүн негизги узундугу 440 метр, жалпы узундугу 1618 метр жана платформанын туурасы 46 метр экендигин айткан Эрдоган, бийиктиги 196 метр болгон мунаралардын «алмаз геометриясы» менен долбоорлонгонун айтты.

Президент Эрдоган, Башакшехир-Бахчешехир-Хадымкөй участкасынын бүтүшү менен көмүртек чыгындыларынын 32 миң 126 тоннага азайып, жыл сайын мезгилден 641,7 миллион лира, күйүүчү майдан мазуттан 75,5 миллион лира болуп жалпы 717,2 миллион лира үнөмдөлө тургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар