Леван Давиташвили Түркия менен карым - катнаштар тууралуу билдирди
Грузиянын экологияны коргоо жана айыл – чарба министри Леван Давиташвили : «Грузия үчүн Түркия менен карым - катнаштар чоң мааниге ээ».
Грузиянын экологияны коргоо жана айыл – чарба министри Леван Давиташвили Түркиянын айыл - чарба жана мал - чарбачылыгы продукцияларын өндүрүү тармагында лидер өлкөлөрдүн бири экендигин белгилеп : «Грузия үчүн Түркия менен карым - катнаштар чоң мааниге ээ»,- деди.
Давиташвили Түркия менен Грузиянын стратегиялык кызматташууларына баа берди. Эки өлкөнүн дос, чек ара коңшусу жана стратегиялык өнөктөш экендигин белгилеген Давуташвили : «Түркия менен Грузиянын ортосундагы карым - катнаштар стратегиялык кызматташуу жактан абдан баалуу. Грузия үчүн Түркия менен карым - катнаштар абдан чоң мааниге ээ»,- деди.
Давиташвили өлкөлөр арасында бир гана күбөлүк карталары менен саякатка баруунун мүмкүн экендигин эске салып : «Түркия Грузия менен Грузия Түркия менен карым - катнаштарынын бекемделишне чоң маани берүүдө»,- деди.
Давиташвили Түркиянын Грузиянын аймактык бүтүндүгү үчүн так колдоосун улантып жаткандыгын билдирип : «Түркия Грузиянын НАТО менен интеграцияланышын колдогон өлкөлөрдүн бири. Түркия Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Андыктан биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер өзгөчө»,-деп баа берди.
Давиташвили сөз болуп жаткан мамилелердин жакшы коңшулук саясатына негизделгенин белгиледи.
Кыска убакыт мурун Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвилинин Анкарадагы расмий жолугушууларынын негизинде Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен абдан позитивдүү жолугушуусу болгонун белгилеген Давиташвили эки лидердин өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүн 1,5 миллиарддан 3 миллиард долларга чыгаруу керектүү боюнча жолдомо бергендерин эске салды.