Варанк: «Ата мекендик жана улуттук өндүрүш сыртка көз карандылыкты жойду»

Министр Варанк борбор шаар Анкарадагы аземде сөз сүйлөдү.

1664065
Варанк: «Ата мекендик жана улуттук өндүрүш сыртка көз карандылыкты жойду»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, коргоо өнөр жайы жаатындагы ата мекендик жана улуттук өндүрүштүн Түркиянын сыртка көз карандылыгын жойгонун айтты.

Министр Варанк борбор шаар Анкарада Precision Guide Kit-82ни тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, өлкөлөрдүн саясий көз карандысыздыгынын коргонуу өнөр жайындагы көз карандысыздык аркылуу болорун белгилеп, бул тармакта Түркияга каршы киргизилген жашыруун жана ачык эмбарголорду ата мекендик жана улуттук өндүрүш менен таасирсиз кылышканын билдирди.

Варанк Түркиянын коргонуу өнөр жайынын ата мекендик деңгээлинин 70 пайыздан жогору экендигин, товар жүгүртүүсү 10 миллиард доллар жана экспорту 3 миллиард доллардан ашканын айтты.

«Биз кургактык, аба жана деңиз системаларында чоң ийгиликтерге жетиштик. Хүркүш, МИЛГЕМ, МИЛДАР сыяктуу долбоорлор менен жолубузду улантып жатабыз. Учкучсуз учуучу аппараттарыбыз дүйнөнүн күн тартибинде, гезиттердин башкы макаласында алдыңкы орунда турат. Буюрса аскердик учкучсуз учактарыбызды чыгарганда дүйнөдө жүзү F-35терди эмес учкузсуз учактарыбыздан сөз кылышат. Учурда TCG Anadolu кемесибиздин өндүрүшү улантылууда. Туруктуу канаттуу учактарыбызды TCG Anadolu кемебизге кондуруп учура алабыз деп үмүттөнөбүз. Ийгиликке жеткенде биз муну жасай алган дүйнөдөгү жалгыз өлкө болобуз», деди.



Тектеш кабарлар