Covid-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 57 киши көз жумду.

1662856
Covid-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 57 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 293 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 223 миң 238 тест жасалып, 565 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 143 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 214 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 242 миң 945ге жогорулады.



Тектеш кабарлар