Түркия-Афганистан-Иран тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Үч тараптуу жыйын Анталья Дипломатия Форумунун алкагында өтөт.

1660999
Түркия-Афганистан-Иран тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Түркия-Афганистан-Иран тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйыны 20-июнь жекшемби күнү (эртең) Анталья Дипломатия Форумунун алкагында Анталья шаарында болот.

Жыйындын негизинде Ооганстандагы Тынчтык жараянына байланыштуу кырдаал, ошондой эле коопсуздук, энергетика, байланыш жана мыйзамсыз миграция сыяктуу үч мамлекеттин кызматташтыгынын тармактары талкууланат.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анталья Дипломатия Форумунда ирандык жана афганистандык кесиптештери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.



Тектеш кабарлар