Орусиянын учактары кайрадан Түркияга уча баштайт

Министр Эрсой кечээ Твиттердеги баракчасынан Орусиянын Түркияга аба каттамдарын кайра баштоо чечимине баа берди.

1660992
Орусиянын учактары кайрадан Түркияга уча баштайт

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Орусиянын 22-июндан баштап учууларды кайрадан баштоо чечими Түркияга коопсуз туризмге болгон ишенимдин белгиси экенин билдирди.

Эрсой кечээ Твиттердеги баракчасынан Орусиянын Түркияга аба каттамдарын кайра баштоо чечимине баа берди.

Министр Эрсой: «Орусиянын 22-июндан баштап учууларды кайрадан баштоо чечими коопсуз туризмдин жолунда биздин өлкөгө болгон ишенимдин көрсөткүчү болуп саналат. Жакынкы мезгилде берки өлкөлөр менен болгон дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн да үзүрүн көрөбүз деп ишенем», деди.

Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова кечээ борбор калаа Москвада өткөн пресс-конференцияда учууларды калыбына келтирүү үчүн орусиялык делегациянын Түркияга жасаган сапарынын аяктаганын билдирген болчу.  

Түркиялык жетекчилердин коронавируска (Ковид-19) каршы чара көрүү боюнча колдонмо даярдаганын айткан Голикова: «Орус делегациясынын берген баасына караганда, Түркияда бардык жерде беткап колдонулуп керектүү гигиеналык каражаттар бар» деген эле.

Түркиядагы туризм мекемелериндеги кызматкерлерге эмдөө процесси да ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканына көңүл бурган Голикова: «Баа берүүнүн жыйынтыгында 22-июндан баштап Түркияга учкан бардык авиакаттамдарды кайра баштоо чечими кабыл алынды» деди.

Ошол эле учурда, Орусиянын Туризм индустриясы биримдигинин жетекчиси Андрей Игнатьев быйыл болжол менен 7 миллион орусиялык туристтин Түркияда эс ала алаарын айтты.



Тектеш кабарлар