Түрк аба жолдору бүгүндөн баштап эл аралык каттамдарда тамак-аш бере баштайт

THY башкы директору Билал Экши, эл аралык каттамдарда тамак-аш берүү кызматынын бүгүнтөн тарта башталаарын жарыялады.

1660594
Түрк аба жолдору бүгүндөн баштап эл аралык каттамдарда тамак-аш бере баштайт

Түрк аба жолдору (THY) бүгүнтөн баштап эл аралык каттамдарда тамак-аш берүү кызматын баштай турганын билдирди.

Turkish Airlines авиакомпаниясы, өткөн жылы коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын айынан токтотулган эл аралык каттамдарда тамак-аш берүү кызматын, дүйнө жүзү боюнча эмдөө деңгээли жогорулап өлкөлөрдө жашоо өз нугуна түшө баштагандан кийин кайра баштоону чечти.

THY башкы директору Билал Экши Твиттердеги баракчасынан эл аралык каттамдарда тамак-аш берүү кызматынын бүгүнтөн тарта башталаарын жарыялады.



Тектеш кабарлар