Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 53 киши көз жумду.

1657138
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 53 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 721 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 214 миң 957 тест жасалып, 454 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 12 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 194 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 202 миң 251ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар