Афринде ПКК ооруканага кол салды

Бул тууралуу Хатай Губернаторлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1656794
Афринде ПКК ооруканага кол салды
afrin teror saldirisi 1.jpg

Жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын Сириянын Африн аймагындагы кол салуусунда, жеке ооруканада дарыланган 13 жаран каза болду.

Хатай Губернаторлугунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Асад режими көзөмөлдөгөн Тель-Рыфат аймагынан жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын элементтери тарабынан атылган Град ракета жана артиллерия снаряддарынын Африндеги Жеке Шифа ооруканасынын Чукул кызматына тийгени белгиленди. Билдирүүдө, «Ооруканада дарыланган 13 жарандын өмүрү кыйылып, 27 жаран жаракат алды»,деген сүйлөмдөр орун алды.



Тектеш кабарлар