Түркиянын коргонуу жана авиациялык өнөр жай продукциясы экспорту 48, 3 пайызга өстү

Январь  -  май мезгилинде ишке ашырылган экспорт жылдык базада 38, 3 пайызга өсүп, 85 , 2 миллиард долларга жетти.

1656183
Түркиянын коргонуу жана авиациялык  өнөр жай продукциясы экспорту 48, 3 пайызга өстү

Түркиядан жылдын биринчи 5 айында 1 миллиард 120 миллион долларлык коргонуу жана авиациялык өнөр жай продукциясы экспорттолуп, жылдык базада Африкага сатууда 11 эсе жогорулоонун болгондугу көңүлдөрдү бурду.

Январь  -  май мезгилинде ишке ашырылган экспорт жылдык базада 38, 3 пайызга өсүп, 85 , 2 миллиард долларга жетти.

Көрсөтүлгөн мезгилде Түркиянын коргонуу жана авиациялык  өнөр жай продукциясы 48,3 пайызга өсүп, 1 миллиард 120,1 миллион долларды түздү.

Коргоо жана авиациялык өнөр жай экспортунун жылдын биринчи 5 айында өлкөлөргө карата бөлүштүрүлүшүнө каралганда АКШнын биринчилик орунун сактагандыгы байкалды. Бул тизмелөөдө АКШдан кийин Азербайжан келген. Тармак экспортунда бул өлкөлөрдөн кийин Бириккен Арап Эмирликтери, Германия жана Бангладеш келди.

Көрсөтүлгөн мезгилде Түркиянын Кытайга экспорту 27 миң доллардан 10,1 миллион долларга, Тунисге 109 миң доллардан 29,3 миллион долларга, Иорданияга 100 миң доллардан 19,2 миллион долларга, Өзбекстанга 223 миң доллардан 20, 9 миллион долларга чыкты.



Тектеш кабарлар