Р. Т. Эрдоган Брюсселдеги НАТО саммити жана эки тараптуу жолугушууларынан кийин Азербайжанга барат

Президент Р. Т. Эрдоган келерки жумада Түркия менен Азербайжандын ортосунда кенен масштабдуу келишимге кол коюларын билдирди.

1656249

Эрдоган Стамбулда мечиттин ачылышынан кийин журналисттерге берген маалыматында 14 -  июнда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтө турган НАТО саммити жана эки тараптуу жолугушууларынан кийин Азербайжанга барарын айтты. 

Оболу Фузулиге барарын белгилеген президент андан кийин Азербажандын  президенти Илхам Алиев менен Шушада жолугушарын жана эки өлкөнүн ортосундагы кенен масштабдуу келишимге кол коюшарын белгиледи. 

Эрдоган Армения төшөгөн миналар тууралуу : "Өзгөчө мина тууралуу буга кызыккандарга, Келгиле бул тууралуу керектүү колдоону бергиле, оболу бул маселени чечели деп айтабыз ",- деди. 

Тектеш кабарлар