Президент Эрдоган паралимпиаданын улуттук спортчуларын куттуктады

Эрдоган куттуктоосун "Ыракмат балдар" деп жарыялап,  спортчулардын аты-жөнү жана жеңип алган категориялары тууралуу да билдирген

1652833
Президент Эрдоган  паралимпиаданын улуттук спортчуларын куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, пара жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатында 6 алтын, 7 күмүш жана 8 коло болуп жалпы 21 медалга ээ болгон улуттук спортчуларды куттуктады.

Президент Эрдоган Twitter баракчасынан : "Польшада өткөн пара жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатынан 21 медаль менен өлкөбүзгө кайтып келип, бизди сыймыктандырган улуттук спортчуларыбызды чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Балдар, силерге ыракмат. Силерди эл үйүндө тосууну күтүп жатам",- деп билдирди.

Эрдоган куттуктоосун "Ыракмат балдар" деп жарыялап,  спортчулардын аты-жөнү жана жеңип алган категориялары тууралуу да билдирген.



Тектеш кабарлар