Айрым кишилердин Түркиядагы мал - мүлктөрү тоңдурулду

Айрым мекеме жана кишилердин террордук кыймылдардын аткарылышын жеңилдеткен аракеттерде болушунан улам  Түркиядагы мал  - мүлктөрү тоңдурулду.

1652190
Айрым кишилердин Түркиядагы мал - мүлктөрү тоңдурулду

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча айрым мекеме жана кишилердин террордук кыймылдардын аткарылышын жеңилдеткен аракеттерде болушунан улам  Түркиядагы мал  - мүлктөрү тоңдурулду.

Расмий гезиттин бүгүнкү санында чыккан президенттикин чечимине караганда 6415 номердүү терроризмди каржылоону алдына алуу тууралуу мыйзамдын «Чет мамлекеттер тарабынан  келген талаптар» деп аталган 6 -  беренесине ылайык «Алфай» курулуш туризм тышкы соода өнөр жай фирмасынын жана Ирак жараны Идрис Али Авад Алфай менен Ибрахим Али Авад Алфайдын, Сирия жараны Мухаммед Алаа Ханфорахтын террордук кол салуулардын аткарылышын жеңилдетүүчү кыймылдарда болушунан улам мал  -  мүлктөрү тоңдурулду. Бул мекеме жана кишилер тууралуу мал  - мүлктөрүнүн тоңдурулушун талап кылган мамлекет тарабынан бир жылдын ичинде териштирүү баштатылбаса чечим жокко чыгарылат.

 



Тектеш кабарлар