Шентоп:«Израилдин соттолушуна карата жасала турган кадамдарды колдойбуз»

Пакистанда жүргөн Шентоп борбор шаар Исламабаддагы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1650533
Шентоп:«Израилдин соттолушуна карата жасала турган кадамдарды колдойбуз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, Эл аралык Кылмыш Сотунун (ЭКСот) Израилдин Палестина аймактарында кылган кылмыштарын иликтөө жана жоопко тартуу укугу бар экендиги боюнча чечим чыгаргандыгын эске салып, «Биз бул чечимди колдойбуз. Бул багытта жасала турган кадамдарды колдойбуз»,-деди.

Пакистанда жүргөн Шентоп борбор шаар Исламабаддагы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Шентоп, ушул жерде жасаган билдирүүлөрүндө, тилекке каршы, Палестина маселесинде туруктуу жана жемиштүү кадам таштала албай жаткандыгын белгилеп, «Рамазан  айында болгон окуялар, алгач Чыгыш Кудстагы Акса мечитинде, андан кийин Газада болгон окуялар, дүйнөдө 2 миллиардга жакын калкы бар мусулмандардын тынчын алды жана кыжырлантты»,деп айтты.

Шентоп Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде лидерлер деңгээлинде дипломатиялык алакалар болгонун айтып, «Түркия бул багытта Израилдин мамлекеттик терроризмин токтотуу чараларын көрүү жана күнөөлүүлөрдүн соттолуп, жазаланышын камсыздоо үчүн чараларды көрүү максатында дүйнө жүзү боюнча дипломатиялык алакаларды жүргүздү»,деген маалыматты берди.

Шентоп: «Биз Палестинада туруктуу тынчтыкты камсыз кылган жана Палестина мамлекетинин түптөлүшүн жана институционалдаштырылышын камсыз кылган кадамдарды жасоого умтулушубуз керек»,-деди.

Шентоп Ооганстандагы тынчтык жараянына да токтолуп, биринчи кезекте Ооганстандагы зомбулукту токтотуу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар