Кожа:"Бул маскалар биздин бетибизди тердеткен акыркы жай болот"

Акыркы 24 саатта вирустан 112 киши көз жумду.

1650603
Кожа:"Бул маскалар биздин бетибизди тердеткен акыркы жай болот"

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 112 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 47 миң 768 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 224 миң 150 тест жасалып, 586 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 181 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 7 миң 372 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 131 миң 453кө жогорулады.

Ошол эле учурда, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Коронавирус илим комитетинин отурумунан кийин билдирүү жасап,"Бул маскалар биздин бетибизди тердеткен акыркы жай болот",- деди.

Вирустун дагы деле болсо арабызда жүргөндүгүн унутпашыбыз керектигин айткан Кожа, мындан кийин жекече этияттыктар алда канча маанилүү боло тургандыгын жана өзүбүздүн чараларыбызды көрүп, нормалдашуу баштай турганыбызды айтты.

Атамекендик вакцина изилдөөлөрүнүн да ылдам уланып жаткандыгын баса белгилеген Кожа, 3-этаптагы адамга сыноолору баштала турган вакцинага талапкердин изилдөөчү өнүм катары чыгарылгандыгын жана акыркы сыноолордун жүргүзүлгөндүгүн, анын сыноолордон ийгиликтүү өткөндөн кийин клиникалык колдонулушунун баштала тургандыгын айтты. 



Тектеш кабарлар