Калын АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Гринфилд менен жолугушту

Жолугушууга Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Феридун Синирлиоглу жана АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилд да катышты.

1650445
Калын АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Гринфилд менен жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарынын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд менен жолугушту.

Президенттиктин басма сөз катчылыгынын билдирүүсүнө караганда, Президенттик комплексиндеги жолугушууга Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Феридун Синирлиоглу жана АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилд да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Сириядагы саясий чечим жараянын жандандыруу үчүн Конституциялык комитеттин ишин колдоо, эркин жана акыйкат шайлоо чөйрөсүн камсыз кылуу керектиги билдирилип, террористтик уюмдар тарабынан келтирилген коопсуздук коркунучтарына каршы кызматташтыктын жана биргелешкен күрөштүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Качкындар маселесине байланыштуу жалпы жоопкерчилик менен иш алып баруу зарылдыгы айтылган жолугушууда, Идлиб баш болгон аймактагы качкындардын жаңы толкунунун чоң гуманитардык кризистерди жана туруксуздукту жаратышы мүмкүн экендиги кабарланды. Ошондой эле Түркия аркылуу Сирияга БУУнун жардамы менен гуманитардык жардамдардын жеткириши үчүн тоскоолдуктардын жоюлушу жана биргелешкен аракеттердин көрүлүшү керектиги маалымдалды.

Жолугушууда Палестинада эки мамлекеттүү чечимди ишке ашыруу жана палестиналыктардын укуктарын коргоо үчүн эл аралык коомчулук менен БУУнун чечкиндүү жана активдүү роль ойношу керектиги айтылды.

Ливия, Ирак жана Афганистан сыяктуу аймактык маселелерде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо максатында Түркия менен АКШнын БУУнун алкагында дипломатиялык кызматташтыгын улантуу боюнча макулдашылган жолугушууда, Ооганстандагы тынчтык жараянын тездетүү үчүн биргелешкен демилгелерди көбөйтүү керектиги баса белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, 14-июнда боло турган НАТОнун саммитинин алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосунда өтө турган жолугушуунун күн тартиби дагы талкууланды.



Тектеш кабарлар