Эрдоган ТРТга маалымат берди

Президент Эрдоган Түркия радиотелеберүү мекемесинде (ТРТ) күн тартибине баа берди.

1649936
Эрдоган ТРТга маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Египет менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинен Ливияга чейинки кеңири аянтта олуттуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар», деди.

Президент Эрдоган Түркия радиотелеберүү мекемесинде (ТРТ) күн тартибине баа берди.

Акыркы мезгилде Каир жетекчилиги менен жүргүзүлө баштаган сүйлөшүүлөргө байланыштуу Эрдоган, Түркия менен Египеттин элдеринин тарыхый байланыштарга ээ экендигин айтып: «Мамлекеттер аралык мамилелерибиз ушул негизде өнүгүп жатат. Башталган сүйлөшүүлөр уланып жана кеңейүүдө», деди.

Египет менен, Ливиядан Чыгыш Жер Ортолук деңизине чейинки кеңири аянтта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендигин белгилеген Эрдоган: «Соода жаатында ишибизди алдыга жылдырышыбыз керек. Өз ара мамилелерибизди пайда тап-пайда тап принцибине жараша өркүндөтүшүбүз зарыл. Биз ушул аракеттерибизди улантуудабыз. /.../. Мен Египет элин жакшы билем. Байланыштарыбыздын маданий багыты абдан маанилүү», деди.



Тектеш кабарлар