Түркия 5 айда 3 673 качкынды куткарды

Качкындардын баалуу буюмдары, тамак  - аштары алынып, моторлору алынган кемелер менен  өлүмгө ташталууда.

1649554
Түркия 5 айда 3 673 качкынды куткарды

Түрк жээк коопсуздугу командирлигинин топтору акыркы 5 айда Греция деңизде өлүмгө таштаган 3 763 мигрантты куткарды. Топтор январь айында 169, шефраль айында 524, март айында 825, апрель айында 1320, май айында 625 качкынды кургактыкка чыгарды.

Өлкөлөрүндөгү жарандык согуш жана баш  - аламандыктан улам дагы жакшы жашоо үчүн Европага барууга аракет кылган качкындардын «үмүткө карай жолчулугу» улантылууда.

Араларында балдар менен аялдар да болгон качкындар кеме, кайыктар менен Эгей деңизине чыгышууда. Грециянын жээк коопсуздук күчтөрүнө кармалып начар мамилеге дуушар болушууда.

Качкындардын баалуу буюмдары, тамак  - аштары алынып, моторлору алынган кемелер менен  өлүмгө ташталууда.



Тектеш кабарлар