Хулуси Акар Түрк аба күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгын белгиледи

Акар, аба күчтөрүнүн командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүздү жана аны коштогон командалык штабын негизделишинин 110 жылдыгына карата кабыл алды.

1649794
Хулуси Акар Түрк аба күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгын белгиледи

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түрк аба күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгын белгиледи.

Акар, аба күчтөрүнүн командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүздү жана аны коштогон командалык штабын негизделишинин 110 жылдыгына карата кабыл алды.

Министрликтеги кабыл алууда сөз сүйлөгөн Акар, ар дайым өзүнүн квалификациялуу персоналы, заманбап технологиясы жана мыкты жетишкендиктери менен асыл улуттун сыймыгы болгон Түрк аба күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 110 жылдыгын куттуктады.

«Биздин Аба күчтөрүбүз Түрк Куралдуу күчтөрүнүн эффективдүү, сүр көрсөтүүчү жана кадыр-барктуу сапаттарын камсыз кылган эң маанилүү элементтердин бири»,-деп айткан Акар, Аба күчтөрүнүн асмандын корголуусунан баштап терроризмге каршы операцияларга чейин, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодон баштап, гуманитардык жардам иш-аракеттерине чейин көптөгөн тармактарда жетишилген ийгиликтерде чоң үлүшү бар экендигин кошумчалады.

Хулуси Акар, айрыкча акыркы мезгилде антитеррордук операциянын алкагында, башка күчтөр менен координациялуу түрдө ички жана чек арадагы аба операцияларында көп күч-аракет жумшаган Аба күчтөрүнүн баатыр жана жан аябас кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди жана ийгиликтеринин уланышын каалады.

Акар ички жана улуттук ресурстар менен даярдалган көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу менен Аба күчтөрү өз милдеттерин алда канча натыйжалуу аткара тургандыгын жана ушул кезге чейин болгонундай эле  асыл улуттун сыймыгы болоорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар