Covid-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 129 киши көз жумду.

1649847
Covid-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 129 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 47 миң 656 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 223 миң 482 тест жасалып, 602 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 112 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 9 миң 457 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 124 миң 81ге жогорулады.



Тектеш кабарлар