Чавушоглунун Афинадагы жолугушуулары грек басма сөзүндө кеңири чагылдырылды

Грециянын маалымат каражаттары тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сүйлөшүү үчүн барган Грециянын борбору Афинада кечээ өткөрүлгөн жолугушуулардын «чын ыкластуу маанайда өткөнүн» жарыялады.

1649668
Чавушоглунун Афинадагы жолугушуулары грек басма сөзүндө кеңири чагылдырылды

Грециянын маалымат каражаттары тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сүйлөшүү үчүн барган Грециянын борбору Афинада кечээ өткөрүлгөн жолугушуулардын «чын ыкластуу маанайда өткөнүн» жарыялады.

Грециянын мамлекеттик агенттиги ANA-MPA, «Дипломатиялык булактар: Дендиас-Чавушоглу бардык маселелерди чын жүрөктөн талкуулады» деп аталган кабарында, министр Чавушоглу менен грек кесиптеши Никос Дендиастын ортосундагы жолугушуу чын ыкластуу маанайда өткөнүн жана бардык маселелер талкууланганын баяндады.

Агенттик Чавушоглунун Дендиас менен жолугушуудан мурун Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен да жолугушканын белгилеп, тараптар чын ыкластуу пикир алмашуу менен өздөрүнүн тезистерин билдиришти деген көз карашты бөлүшкөндөрүн жазды.

Катимерини гезити «Тынч суулар үчүн биринчи кадам» деген аталыштагы макаласында, «Чавушоглунун Афинага жасаган иш сапарында Эгей деңизинде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 1,5 жылга жакын созулган чыңалуудан кийин тынч мезгилге болгон аракет үчүн биринчи кадам ташталды»,деген сөздөргө орун берилген.

То Вима гезити да өз кабарында: «Греция-Түркия: Дендиас жана Чавушоглу экономикалык кызматташтыкка байланыштуу 25 маселени жактырышты» деп жарыялады.

Прототема болсо «Дендиас-Чавушоглу жолугушуусу: Оң күн тартибиндеги 25 пункт төмөнкүлөр» деген аталыш менен окурмандарына кайрылып, эки министрдин жолугушуусунда, 29-майда Кавалада тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал менен Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Франгояннис жолугушуп даярдаган экономикалык кызматташтык тизмеси бекитилгендиги баса белгиленди.

Кабарда, ошондой эле сөз болуп жаткан тизмеде эки өлкөнүн жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) вакцина сертификатын өз ара таанууга жана экологиялык кызматташууга байланыштуу беренелер бар экени баса белгиленди.

Авги гезитиндеги кабар-комментарийинде «Афинадагы Дендиас-Чавушоглу жолугушуусу достук маанайда өттү жана Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен президент Режеп Таййип Эрдогандын НАТОнун саммитинде жолугушаары анык болду»деген сөздөр айтылган.



Тектеш кабарлар