Чавушоглу:«Биз Греция менен эки тараптуу мамилелерибизди эч кандай шартсыз жакшыртууга даярбыз»
Чавушоглу Грециянын борбор шаары Афинадагы программасынын алкагында Максиму сарайында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис тарабынан кабыл алынган соң грек кесиптеши Никос Дендиас менен жолугушту.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Түркия катары биз Греция менен эки тараптуу мамилелерибизди эч кандай шартсыз жакшыртуу үчүн диалогго жана сүйлөшүүлөргө даярбыз»,-деди.
Чавушоглу Грециянын борбор шаары Афинадагы программасынын алкагында Максиму сарайында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис тарабынан кабыл алынган соң грек кесиптеши Никос Дендиас менен жолугушту.
Министр Чавушоглу, жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында, «(Грек тарап менен) Биз эми иш-аракеттерге жана кызматташтыкка багытталган конкреттүү долбоорлордун үстүнөн иштей баштадык. 25 берене боюнча бир пикирге келдик. Бүгүн жетишилген келишим биздин туризм тармагына оң салымын кошот»,-деп айтты.
Тышкы иштер министри Чавушоглу: «Түркия катары биз Греция менен эки тараптуу мамилелерибизди эч кандай шартсыз жакшыртуу үчүн диалогго жана сүйлөшүүлөргө даярбыз»,-деди.
Чавушоглу, эки өлкөнүн туризм жаатында кызматташуу үчүн вакцина сертификаттарын тааный тургандыктарын да жарыялады.
Чавушоглу менен жолугушуу учурунда эки тараптуу карым-катнаштарды гана эмес, Европа Биримдиги (ЕБ) менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди да баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгилеген Дендиас бул жолугушуунун максаты «биринчи макулдашуу процессин баштоо» болгонун белгиледи.
Дендиас: «Экономикалык кызматташтык программасынын тизмеси боюнча келишим түзүлдү. Биз Ковид-19 вакцинасынын сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө макулдаштык. Эмдөөдөн өткөн же анализинин жыйынтыгы терс болгон жарандар өз ара эки тарапка тең бара алышат. Мындай кырдаал туризмди тездетет эки мамлекеттин ортосундагы иш-аракеттер, натыйжа берет»,- деди.
Чавушоглу менен жолугушуунун мүмкүнчүлүк болгонун баса белгилеген Дендиас: «(Бул жолугушуу) ошондой эле НАТО саммитинин алдында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын ортосунда жолугушуу өткөрүүнү чечүү мүмкүнчүлүгүн берди»,-деп айтты.
Дендиас сөзүн аяктап жатып, Баскетбол THY Европа Лигасынын төрттүк финалында Испаниянын өкүлү Барселонаны 86-81 эсебинде жеңип алып чемпиондукту багындырган Анадолу Эфестин ийгилиги үчүн министр Чавушоглун куттуктады.