Караисмаилоглу:«Карабахты калыбына келтирүү боюнча Азербайжан менен биргеликте иш алып барабыз»

Адил Караисмаилоглу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн  Азербайжанда эң оболу маркум президент Гайдар Алиевдин мүрзөсүн зыярат кылып, ушул жерге гүлчамбар койду.

1648428
Караисмаилоглу:«Карабахты калыбына келтирүү боюнча Азербайжан менен биргеликте иш алып барабыз»

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Карабахты калыбына келтирүү боюнча Түркия Республикасынын тажрыйбасы жана билими менен бөлүшө тургандарын жана Азербайжан менен биргеликте иш алып барышаарын билдирди.

Адил Караисмаилоглу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн  Азербайжанда эң оболу маркум президент Гайдар Алиевдин мүрзөсүн зыярат кылып, ушул жерге гүлчамбар койду.

Ошондой эле шейиттердин өкүлчүлүктүү мүрзөлөрүнө гүл койгон Караисмаилоглу шейиттиктин эскерүү китебине эскермесин жазды.

Сапардан кийин басма сөзгө берген билдирүүсүндө, Караисмаилоглу эртең Армениянын оккупациясынан бошотулган аймактарга барарын жана ал жактагы түрк подрядчик компанияларынын иштерин иликтей тургандыгын билдирди.

Караисмаилоглу, Карабахтын жеңиши үчүн эң аз азербайжандардай кубангандыктарын баса белгилеп: «Карабахты калыбына келтирүү боюнча Түркия Республикасы катары биз тажрыйбабыз менен билимибизди бөлүшүп, биргеликте иш алып барабыз. Нахчыванда дагы долбоорлорубуз бар. Маанилүү транспорттук жана логистикалык коридорлорду баалап, мүмкүн болушунча тез арада жыйынтык алабыз»,-деди.

Караисмаилоглу, Карабахтын өнүгүшү үчүн зарыл болгон кургактык жана темир жол байланыштары үчүн маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрүн айтты.

Караисмаилоглу: «Күчтүү компанияларыбыздын колдоосу менен биз пландарыбызды жана долбоорлорубузду эртерээк ишке ашырып, логистика жана транспорт жагынан дүйнөнүн эң маанилүү борборлорунун бири кылабыз. Түркия жана Азербайжанды сапаттуу, ыңгайлуу жана коопсуз жолдор менен байланыштырууга аракет кылып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар