Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 137 киши көз жумду.

1648128
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 137 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 47 миң 271 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 222 миң 613 тест жасалып, 605 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 656 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 11 миң 180 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 94 миң 279га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар