Калын менен Шерман жолугушту

Стамбулда Президенттиктин Долмабахче кеңсесинде өткөрүлгөн жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер талкууланды.

1647992
Калын менен Шерман жолугушту

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман менен жолугушту.

Стамбулда Президенттиктин Долмабахче кеңсесинде өткөрүлгөн жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 14-июнда боло турган НАТОнун саммитинин күн тартиби жана саммиттин алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байдендин ортосунда өтө  турган жолугушуунун темалары каралды.

Жолугушууда Афганистан, Сирия, Ливия, Тоолуу Карабах жана Украина сыяктуу аймактык маселелерде тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешкен ишти улантуу керек деп макулдашылды.

Палестинадагы ок атышпоо режимине канааттануу билдирилип, Израилге агрессивдүү позициясынан баш тартууга жана эки мамлекеттин чечиминин алкагында туруктуу тынчтык үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого басым жасоо зарылдыгы баса белгиленди.

Түркиянын улуттук коопсуздук маселелери эске салынган жолугушууда, ПЙД жана ФЕТӨгө байланыштуу күтүүлөр АКШ тарапка билдирилди. Пикирлердин айырмачылыгына карабастан мамилелерди стратегиялык түшүнүү жана позитивдүү күн тартиби менен илгерилетүүнүн маанилүүлүгү айтылды.

Түркия-АКШ карым-катнаштары өз ара ишенимге жана жигердүү кызматташтыкка негизделген мамиле менен каралышы керек экени белгиленген жолугушууда, Түркия менен АКШнын кызматташтыгы НАТОнун эки маанилүү союздашы катары биримдикти чыңдап, жаңы чакырыктардын алдында глобалдык тынчтыкка жана туруктуулукка салым кошуп жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар