Эрдоган хафыз окуучулардын аземине катышты

Программада президент Эрдоган Куран окуду.

1647896
Эрдоган хафыз окуучулардын аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы Аясофия мечитинде өткөрүлгөн ITO Мармара Анадолу Имам Хатип лицейинин хафыздарынын авторизация аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарада, хафыздыктарын аяктаган 136 окуучу авторизация алышты.

Программада хафыз окуучулар Куран аяттарын жана сүрөлөрүн окушса, президент Эрдоган Куран окуду.

Аземде президент Эрдогандын небереси Өмер Таййип менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоптун уулу Өмер Асым да авторизация алды.

Хафыздарга ар кандай белектер берилген программанын аягында президент Эрдоган хафыздар менен биргеликте эстеликке фотсүрөткө түштү.

Программага; Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, вице-президент Фуат Октай, Судан Эгемендүүлүк Кеңешинин төрагасынын орун басары Мухаммед Хамдан Дагало Хмидти, Дин иштери башкармалыгынын төрагасы проф. др. Али Эрбаш жана хафыз окуучулардын ата-энелери менен коноктор катышты.



Тектеш кабарлар