Түркия Германияга ФЕТӨ тууралуу каршылык көрсөттү

Германиядагы ФЕТӨ да (Фетуллахчы террордук уюм) катышкан "House of One" долбооруна Түркия каршылык көрсөттү.

1647086
Түркия Германияга ФЕТӨ тууралуу каршылык көрсөттү

Германиядагы ФЕТӨ да (Фетуллахчы террордук уюм) катышкан "House of One" долбооруна Түркия каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Түркия жана Германиядагы түрк жана мусулман коомчулугунун бардык каршылыгына карабастан, ФЕТӨ террордук уюму кирген "House of One" долбоору үч динди бириктирүү үчүн эмес, аларды бөлүп-жаруу жана террорду актоого жана колдоого кызмат кылары белгиленди.

Билдирүүдө : "Ислам динин караңгы күн тартибинин негизинде   жок кылган жана Германиядагы мусулмандардын атынан чыкпаган ФЕТӨ террордук уюму кошула турган болсо, бул ибадат үйүнүн Германиядагы түрктөр жана мусулмандар үчүн эч кандай мааниси болбойт",- деп билдирилди.  

Көп  өткөрбөстөн бул олуттуу жаңылыштыктан кайтып, немис коомчулугунда да шектүү иштеринен улам чыныгы жүзү дагы жакшы түшүнүлө баштаган бул уюмдун ордуна мусулмандардын чыныгы өкүлдөрүнө орун берилиши керектиги белгиленип : «Негизинен Германиядагы түрк жана мусулман коомунун негизги күтүүлөрү ушул багытта»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар