Түрк аба жолдору Европадагы лидерлигин улантууда

THY кечээ бир күндө 729 рейс жүргүзүп Европада эң көп каттаган авиакомпания болду.

1646988
Түрк аба жолдору Европадагы лидерлигин улантууда

Түрк аба жолдору (THY) кечээки 729 каттамы менен Европада лидерлигин сактап калды.

Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюму (EUROCONTROL) тарабынан даярдалган учуу кыймылынын отчетуна караганда, THY кечээ бир күндө 729 рейс жүргүзүп Европада эң көп каттаган авиакомпания болду.

Түрк аба жолдорунан кийин 467 каттам менен Air France ээледи. 3-орунда 386 каттам менен Lufthansa, 4-орунда 368 каттам менен Ryanair, 5-орунда 349 каттам менен Wideroe, 6-орунда 331 KLM Royal Airline жана 7-орунда 293 каттам менен DHL Express авиакомпаниялары турат. Pegasus Airlines болсо 270 каттам менен тизмеде 8-орунду ээледи.



Тектеш кабарлар