Фатих Дөнмез жаңы табылган мунай зат кудуктары тууралуу маалымат бөлүштү
Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө, күнүнө ушул 3 кудуктан 6800 баррель өндүрүлө тургандыгын билдирди.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Кара деңизде 405 миллиард кубометр жаратылыш газы табылгандан кийин кургактыкта жайгашкан 3 жаңы кудуктан мунай зат табылганын жарыялады.
Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө, күнүнө ушул 3 кудуктан 6800 баррель өндүрүлө тургандыгын билдирди.
Диярбакырдагы Акоба-1 кудугунан 2 миң 800 баррель, Йенишехир-1 кудугунан 3 миң жана Кыркларелиндеги Мисинли-2 кудугунан күнүнө бир миң баррель мунай өндүрүлө тургандыгын белгилеп, «Кара деңизде 405 миллиард кубометр жаратылыш газын тапкандан кийин, кургак жерден 3 жаңы кудуктан мунай зат таптык. Күнүнө 6 миң 800 баррель өндүрө турган ачылыштарыбызга ийгилик»,деген сөздөргө орун берди.