Эрдоган америкалык компаниялар менен сүйлөшөт

Видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган сүйлөшүүнүн негизги күн тартиби Түркиядагы инвестициялык чөйрө болот.

1645821
Эрдоган америкалык компаниялар менен сүйлөшөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жайгашкан компаниялардын жогорку жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрөт.

20га жакын жогорку жетекчилер менен видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган сүйлөшүүнүн негизги күн тартиби Түркиядагы инвестициялык чөйрө болот.

Президент Эрдоган, америкалык компаниялардын жетекчиликтерине Түркияга инвестиция салган эл аралык компаниялардын жетишкендиктерин жана Түркиядагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн түшүндүрөт.

Эрдоган ошондой эле компания өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.



Тектеш кабарлар