Греция сууга таштаган мыйзамсыз мигранттар жээкке чыгарылды

46 мыйзамсыз мигрант жээкке чыгарылды.

1645076
Греция сууга таштаган мыйзамсыз мигранттар жээкке чыгарылды

Чанаккаленин Айважык районунда Греция тарабынан түрк сууларына ташталган 46 мыйзамсыз мигрант жээкке чыгарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору Сивриже тумшугуна жакын жерде резина кайыктагы мыйзамсыз мигранттардын бар экендигин аныктады.

Грециянын жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан түрк сууларына ташталгандыгы белгиленген 46 мигрант куткарылды жана Айважык чет элдиктерди кайра кайтаруу борборуна тапшырылды.

Кечээ да Измирдин Дикили районуна жакын жерде грек күчтөрү тарабынан түрк сууларына ташталган 23 мыйзамсыз мигрант куткарылды жана Облустук миграция директорлугуна жиберилди.



Тектеш кабарлар