"Чеңгел - Чагылган" операциясында бир аскер шейит болду

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар шейит аскер үчүн көңүл айтты.

1644566
"Чеңгел  -  Чагылган" операциясында бир аскер шейит болду

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел  -  Чагылган» операциясында  бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : «Чеңгел  -  Чагылган операциясынын негизинде 2021 -  жылдын 23 -  майында жүргүзүлгөн операцияда бир каарман аскерибиз тик учар конуу учурунда жараланды жана дароо ооруканага алып барылды. Бадык жардамдарга карабастан шейит болду»,- деп билдирилди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да шейит аскер үчүн көңүл айтты. Акар шейит болгон аскер үчүн жарыялаган билдирүүсүндө : «Каарман курал жолдошубуз 2021 -  жыл 23 -  май күнү шейит болду. Каарман шейитибизге өзүм жана улуттук коргоо министрлигинин кызматкерлеринин атынан Аллахтан ырайым, кайгылуу үй  - бүлөсүнө жана улутубузга көңүл айтып, сабырдуу болууларын каалаймын»,- деди.



Тектеш кабарлар